Бишкек: Өкмөт гүлбакчасы жаңыланды

Бишкек: Өкмөт гүлбакчасы жаңыланды

«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш кананын кызматкерлери Өкмөт гүлбакчасында аянты 2200 чарчы метр таманташтарды алмаштыруу иштерин бүтүрүштү. Алмаштыруу иштерине 35 кызматкер жана 3 бирдик атайын техника тартылган.

Ошондой эле, 325 погон метр жөнөкөй бордюрлар алмаштырылып, 62 погон метр  гранит бордюрлар оңдолду.

Буга чейин ишкананын кызматкерлери Жогорку Кеңештин имаратынын түндүк тарабындагы Чүй проспектисинин Логвиненко көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү таманташтарды алмаштырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: гүлбакча

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>