Кыргызстанда шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун улуттук программасы бекитилди

«2026–2030-жылдарга Кыргызстанда шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун улуттук программасы бекитилди. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жарлыктын максаты өлкөдө шахматты өнүктүрүүнү жана популярдаштырууну камсыз кылуучу шарттарды түзүү, өлкө жарандары үчүн шахмат менен машыгуунун формаларын жайылтуу болуп саналат. Ошондой эле документ спорттук резервди даярдоого жана кыргыз шахматчыларынын эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Мындан тышкары жарлык менен аталган улуттук программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жана анын бюджети бекитилди. Документ улуттук программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасын да камтыйт.