Бишкек — Ош каттамындагы орун тандоо үчүн кошумча акы алынганына депутат нааразы болду

30.09.2026 | 10:58
Бишкек — Ош каттамындагы орун тандоо үчүн кошумча акы алынганына депутат нааразы болду — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова парламенттин жыйынында Бишкек — Ош каттамындагы авиабилеттердин баасы жана учактагы айрым орундарды тандоо үчүн кошумча акы алынганы тууралуу маселени көтөрдү.

Анын айтымында, жарандардан билеттердин кымбаттыгы боюнча көптөгөн кайрылуулар түшүүдө. Мындан тышкары, жүргүнчүлөр иллюминатордун жанындагы, салондун алдыңкы бөлүгүндөгү же өтмөккө жакын орундар үчүн өзүнчө 1 миңден 2,5 миң сомго чейин төлөөгө туура келип жатканын айтып даттанышууда.

Аманова Бишкек менен Оштун ортосундагы аба жолу болжол менен 300 чакырымды түзөрүн белгиледи. Анын айтымында, ушундай эле аралыктагы башка багыттарга авиабилеттер кыйла арзан.

Депутат авиакомпаниялар орундарды тандоо үчүн алган кошумча кирешесин билеттин баасын аныктоодо эске алса болот деп эсептейт.

Ошол эле учурда Аманова авиакомпаниялар мындай системаны өздөрүнүн ички эрежелеринин негизинде киргизгенин жана бул мыйзамга каршы келбей турганын белгиледи. Бирок анын пикиринде, жүргүнчүлөрдүн кызыкчылыгы да эске алынышы керек.

Парламентарийдин айтымында, учак 65–70 пайызга толсо, каттам чыгымсыз деп эсептелет. Ошол эле учурда ал Бишкек — Ош багытындагы учактар көбүнчө толуп учарын белгиледи.

Аманова авиабилеттердин баасы жана орун тандоо үчүн алынган кошумча төлөм маселесин көзөмөлгө алууну өтүндү.

Scroll to Top