Эмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдү

28.09.2026 | 18:09
Эмгек министрлигинин түзүмүндө Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдү — Новости Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин түзүмүндө Миграция маселелери боюнча департамент уюштурулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган департаментке Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлүк жарандарга бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны тариздөө, ошондой эле тиешелүү маалыматтык системаларды жүргүзүү функциялары өткөрүлүп берилди. Бул мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процесси аутсорсингге берилет.

Мындан тышкары, президенттин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинен жашап турууга уруксатты тариздөө, жарандык маселелерин кароо, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жүргөн жана жашаган жери боюнча каттоо милдеттери да жаңы түзүлгөн департаментке жүктөлдү.

Министрлер кабинетине Миграция маселелери боюнча департаментке штаттык санды, материалдык-техникалык базаны жана электрондук маалыматтар базаларын өткөрүп берүү, ошондой эле эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка шайкеш келтирүү тапшырылды. Өткөөл мезгилде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн үзгүлтүксүз берилиши камсыздалат.

Scroll to Top