Кыргызстанда буллинг жана кибербуллинг үчүн айып пул салуу жана эркинен ажыратуу сунушталууда — чоо-жайы

30.09.2026 | 10:39
Кыргызстанда буллинг жана кибербуллинг үчүн айып пул салуу жана эркинен ажыратуу сунушталууда — чоо-жайы — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда буллинг жана кибербуллинг үчүн өзүнчө административдик жана кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманованын маалыматы боюнча, учурда Кыргызстандын мыйзамдарында «буллинг» жана «кибербуллинг» деген түз юридикалык терминдер жок, ал эми майда бейбаштык жана кемсинтүү жөнүндөгү колдонуудагы ченемдер системалуу жана максаттуу түрдө жеке же топтук кордоонун (травля) өзгөчөлүктөрүн эске албайт.

Негиздеме-маалымкатка ылайык, мыйзам долбоорунун максаты — өзгөчө жашы жете электердин жана билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында системалуу кордоону жана кибербуллингди азайтуу жана түп-тамыры менен жоюу болуп саналат.

Демилгечи Укук бузуулар жөнүндө кодекске «Кордоо (буллинг жана кибербуллинг)» деген өзүнчө беренени киргизүүнү сунуштайт.

Адамдын кадыр-баркын системалуу түрдө атайылап психологиялык же физикалык жактан куугунтуктоо, шылдыңдоо, коркутуу жана кемсинтүү үчүн, эгерде бул аракеттерде кылмыштын белгилери жок болсо, жеке жактарга 5,5 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу сунушталууда. Ал эми интернетти, социалдык тармактарды, мессенджерлерди же санариптик байланыштын башка каражаттарын колдонуу менен жасалган ушундай эле аракеттер үчүн 7,5 миң сом өлчөмүндө айып пул белгилөө демилгеленүүдө.

Ошол эле учурда КР Кылмыш-жаза кодексине да «Кордоо (буллинг жана кибербуллинг)» аттуу жаңы берене киргизүү каралууда.

Кылмыш катары жазалануучу кордоо (буллинг) дегенибиз — жабырлануучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын олуттуу бузууга алып келген болсо, адамдык ар-намысты кайталап басмырлоодон, коркутуудан, куугунтуктоодон, коомдон обочолонтуудан (изоляция), атайылап жалган же кадыр-баркты түшүрүүчү маалыматтарды таратуудан, эл алдында шылдыңдоодон жана психологиялык таасир этүүнүн башка формаларынан көрүнгөн атайылап жасалган системалуу аракеттер деп түшүнүү сунушталат.

Мындай аракеттер үчүн 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салуу же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарын дайындоо каралууда.

Эгерде кордоо балага карата, адамдар тобу тарабынан же алдын ала бүтүм боюнча, интернет, соцтармактар же мессенджерлер аркылуу, ошондой эле куугунтуктоо, коркутуу же кемсинтүү максатында жабырлануучунун макулдугусуз анын жеке маалыматтарын таратуу менен жасалса, кыйла катаал жаза берилет.

Оордотуучу жагдайларга ошондой эле жабырлануучунун кызматтык, материалдык, окуу жайдагы же башка көз карандылыгынан пайдаланууну жана эки же андан көп адамды кордоону кошуу сунушталат. Мындай учурларда 100 миңден 200 миң сомго чейин айып пул же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Эгерде буллинг же кибербуллинг ден соолукка анча оор эмес же оор залал келтирүүгө алып келсе, үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасын белгилөө демилгеленүүдө.

Мыйзам долбоору ошондой эле өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү жана өзүн өзү өлтүрүүгө көкүтүү ченемдерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт. Тактап айтканда, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана интернетти колдонуу менен баланы же окуучуну системалуу түрдө кордоону (буллингди) өзүнчө белгилеп көрсөтүү сунушталууда.

Мындан тышкары, системалуу буллинг же кибербуллинг аркылуу жасалган 128-берененин («Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү») 2-бөлүгүндө жана 129-берененин («Өзүн өзү өлтүрүүгө көкүтүү») 2-бөлүгүндө каралган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин 14 жаштан тартып белгилөө сунушталат.

Мыйзам кабыл алынган учурда расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Анара Мамытова

Scroll to Top