Таш-Рабатка алып бара турган унаа жолго асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Таш-Рабат кербен сарайына бара турган унаа жол асфальтталууда. Учурда жолдун 5 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Анын калган 10 чакырым тилкесин асфальттоо иштери кийинки жылы улантылат.
Министрлик аталган жолду оңдоо жана асфальттоо иштери транспорттук каттамды камсыз кылууга жана жолдун абалын жакшыртууга багытталганын билдирди.
Эске салсак, азыркы тапта Таш-Рабат тарыхый-архитектуралык комплексин реставрациялоо иштери да жүрүүдө. Ал былтыр, 2025-жылы, башталган жана 2027-жылы бүткөрүлөрү айтылган. Буга чейин Маданият министрлиги жарандарды жана туристтерди аталган жайга убактылуу барбай турууга чакырган.