Бишкек шаардык административдик соту «Кыргызстан» партиясынын даттануусун карайт

Бишкек шаардык административдик соту «Кыргызстан» партиясынын даттануусун карайт

«Кыргызстан» партиясы Борбордук шайлоо комиссиянын чечимин жокко чыгаруу боюнча административдик сотко доо арыз менен кайрылган.

Reporter.kg’нин кабарчысынын айтымында, бүгүн, 27-августта аталган соттун алдына 100гө жакын адам, анын ичинде «Чоң Казат», «Реформа» жана «Кыргызстан» партияларынын өкүлдөрү чогулган.

Исаев өз кайрылуусунда, БШКнын жумушчу тобунун чечими майда техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу шайлоочулардын тандоосун чектеп жаткандыгын белгиледи.

Ал кошумчалагандай, бардык документтер өз убагында берилген.

«БШК мындай кемчиликтер элдин тандоосуна таасирин тийгизбей тургандыгын эске алышы керек болчу. БШКнын чечими менен макул эмеспиз. Расмий чечим аларыбыз менен сотко кайрылабыз. Сот биздин пайдабызга чечим чыгарат деп ишенебиз. Биз парламенттик шайлоого жүз миңдеген шайлоочуларыбыздын колдоосу менен катышабыз ”, — деди Исаев маселенин акыйкат чечилишине үмүттөнүп.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>