АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Бишкектин Көк-Жар айылындагы жаңы мектеп 12-сентябрда пайдаланууга берилет
03.09.2026 | 11:57

Бишкек шаарынын Көк-Жар айылында салынып жаткан 750 орундуу жаңы мектеп 12-сентябрда пайдаланууга берилет. Окуу жайдын курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Имарат үч кабаттан турат жана анын жалпы аянты 3348,9 чарчы метрди түзөт. Мектептин ичинде окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, компьютердик класстар, жыйындар залы, эмгек кабинеттери жана спорт залы жайгашкан.
Министрлик учурда Бишкек шаары боюнча республикалык бюджеттин эсебинен дагы 19 мектептин курулушу жүрүп жатканын билдирди. Курулуштар борбор калаадагы мектептерде орун тартыштыгын жоюу жана билим берүүгө шарт түзүү максатында ишке ашырылып жатканы айтылды.