Бишкекте аял жүк ташуучу унаанын астында калып, каза болдуОшто аэропорт кызматкери мыйзамсыз миграцияны уюштурууга шектелип кармалдыБишкекте балыкты кайра иштетүүчү жаңы ишкана ишке кирдиКыргызстанда атын же фамилиясын кантип өзгөртсө болот жана эмнелерге тыюу салынат: «Кызмат» ММнин түшүндүрмөсүБишкекте М. Иманалиев көчөсүнүн айрым тилкелери оңдоого жабылатЧоң-Кеминде ак илбирсти коргоого арналган экологиялык фестиваль өтөт
Журналист Айнура Каниметова каза болду
27.08.2020 | 14:26
“Кут Билим» гезитинин бөлүм редактору, билим берүүнүн отличниги Айнура Каниметова каза болду. Бул тууралуу аталган гезиттин расмий сайтына жарыяланды.
Айнура Каниметова 25-августта 50 жашка караган курагында оорудан көз жумган.
Айнура Тобокеловна Каниметова 1970-жылы туулган. Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын ортосунда Бишкек гуманитардык университетинин орус филологиясы факультетин аяктагандан кийин, «Кут Билимде» корректор болуп иштей баштаган. Андан кийин кабарчы, бөлүм редактору болуп талыкпай иштеп, дээрлик чейрек кылым журналистикада ак кызматын өтөгөн.
“Кут Билимден” тышкары Улуттук “Кабар” агенттигинде кабарчы, Билим берүү жана маданият министрлигинин басма сөз катчысы болуп иштеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом