Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамал тууралуу шашылыш эскертүү жарыяланды
21.07.2026 | 10:51

Жакынкы үч саат аралыгында жана күндүн аягына чейин Бишкек шаарында жана Чүй облусунда күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетери күтүлүүдө. Бул тууралуу синоптиктер билдиришти.
Тургундарга мүмкүн болушунча үйлөрүндө калуу жана зарылчылык болбосо сыртка чыкпоо сунушталат.
Айдоочуларга унааларын бак-дарактардын алдына, жарнамалык такталардын, электр өткөргүч мамыларынын жана шамалдан кулап кетиши мүмкүн болгон башка курулмалардын жанына токтотпоого чакырык жасалды.
Ошондой эле терезе жана балкондорду жаап, бекитилбеген буюмдарды ичкери киргизип, көчөдө жүргөндө өзгөчө этият болуу сунушталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом