Кыргызстан жана ДССУ саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү маселелерин талкуулашты

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча жогорку деңгээлдеги жыйынынын алкагында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолугушту.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Осмонов ДССУга Кыргызстанга көп жылдык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жол кырсыгынан жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү тутумун өнүктүрүү, саламаттык сактоо тутумунун туруктуулугун бекемдөө, баштапкы медициналык-санитардык жардамды өркүндөтүү, тармакты санариптештирүү жана балдар онкологиясы кызматын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Министр Кыргызстандын адистештирилген медициналык мекемесин ДССУнун балдар рагына каршы күрөшүү боюнча Глобалдык платформасына кошуу маселесине өзгөчө көңүл бурду. КР Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы ошондой эле өлкөдө ишке ашырылып жаткан саламаттык сактоону санариптештирүү долбоорлору, анын ичинде телемедицинаны киргизүү тууралуу маалымдады.
ДССУнун башчысы уюмдун Кыргызстанга саламаттык сактоо тутумун бекемдөөдө, баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүдө жана балдар онкологиясы тармагындагы демилгелерди ишке ашырууда колдоо көрсөтүүнү улантууга даяр экенин ырастады.
Анын айтымында, ДССУ республиканын балдар рагына каршы күрөшүү боюнча Глобалдык платформага кошулуусуна зарыл болгон көмөк көрсөтөт, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги менен уюмдун санариптик саламаттык сактоо боюнча тийиштүү координаторунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
Жолугушуунун соңунда Осмонов Тедрос Адханом Гебрейесусту Кыргызстанга келип, өлкөдө саламаттык сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар менен таанышууга чакырды.