Бишкектин мэри Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо добуш берди

Бишкектин мэри Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо добуш берди

Бүгүн, 28-майда Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров №26 Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Шаар башчысы Бишкектеги N№74 мектепте ачылган №1045 шайлоо участкасында добуш берди.

Э.Абдыкадыров белгилегендей, шайлоо өнөктүгү ачык-айкын, мыйзамдын талаптарына ылайык өтүшү керек.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого 29 талапкер катышууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>