Күзгү салкын жана тоолуу райондордогу жаан: 28-сентябрга карата аба ырайыГутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштошту
Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүүдө
28.05.2023 | 15:52
Бүгүн, 28-майда Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүүдө.
14-майдагы биринчи турдун жыйынтыгы боюнча талапкерлердин бири дагы 50% же андан көп добуш ала алган эмес. Анда шайлоочулардын катышуусу 88,92% түзгөн. Учурдагы президент Режеп Эрдоган добуштардын 49,52 пайызын, Кемал Кылычдароглу 44,88 пайызын, Синан Оган 5,17 пайызын алган. Синан экинчи турда Эрдоганды колдоону үндөгөн.
Добуштарды эсептөө шайлоо участкалары жабылгандан кийин дароо эле, жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дө (Бишкекте 20:00) башталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз