Бишкекке түркиялык ишканадан 5,4 млн еврого автобус сатып алынат

Бишкекке түркиялык ишканадан 5,4 млн еврого автобус сатып алынат

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров япониялык Isuzu компаниясынын лицензиясы боюнча жеңил унаа жана автобустарды чыгарган түркиялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууга Anadolu Isuzu ишканасынын эл аралык сатуу боюнча менеджери Севкан Караман, Anadolu Isuzu ишканасынын экспорт директору Серкан Өзтүрк жана аталган компаниянын КМШ жана Перс булуңундагы өкүлү Мухаммед Саид катышты. Жолугушууда тараптар жаратылыш газы менен жүргөн 12 метрлик 16 чоң орундуу автобустарды алуу механизмдерин талкуулашты.

Автобустар абанын булганышы менен күрөшүү боюнча техникалык жардамдын алкагында Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) эсебинен 5,4 миллион еврого сатылып алынат.

Жолугушуунун жыйынтыгында япониялык Isuzu компаниясынын лицензиясы боюнча жеңил унааларды жана автобустарды чыгаруу боюнча түрк компаниясы менен «Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын ортосунда келишимге кол коюу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Белгилей кетсек, коомдук транспорт заманбап талаптарга жооп берет, кондиционер жана пандустар менен жабдылган. Жалпы сыйымдуулугу 85 киши, орундуктар — 21, ошондой эле майыптар арабасы үчүн орун бар.

Тейлөөнүн кепилдик мөөнөтү 2 жыл же 150 миң километрди түзөт. Транспортту жеткирүүнүн мөөнөтү келишимге кол коюлган күндөн тартып 2024-жылдын марты болуп саналат.

Маалымдама: «Анадолу Исузу» автобустарды жана шаарлар аралык автобустарды чыгаруу боюнча Европадагы алдыңкы компаниялардын бири болуп саналат жана анын  негизги акционерлери — Түркиядан «Анадолу Групп» (Anadolu Group)  жана «Исузу Моторс Лимитед» (Isuzu Motors Limited) жана Япониядан «Иточу Корпорейшн» (Itochu Corporation).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>