Ысык-Көлдө милиция туристке 150 миң сомун, телефонун таап берди

Ысык-Көлдө милиция туристке 150 миң сомун, телефонун таап берди

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери эс алып жүргөн чет өлкөлүк жарандын уюлдук телефонун жана акча каражатын таап беришти. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-июлда Ысык-Кѳлдөгү «Кыргыз деңизи» санаторийинде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун карап жүргѳн ИИМдин Атайын багыттагы полктун кызматкерлерине Россиядан келген турист кайрылып, сумкасын жоготуп алгандыгын айтып, жардам сураган.

«Ошол замат полктун 1-батальонунун кызматкерлери милициянын прапорщиги Орозбек Кудайназаров, милициянын кенже сержанты Ѳктѳм Айдаров жана милициянын кенже сержанты Арген Керимбеков эс алуучу жайдын айланасында орнотулган видеобайкоо камераларын текшерип, жоголгон сумканы тез аранын ичинде таап, ээсине кайтарып беришкен. Сумканын ичинде уюлдук телефон, 130 миң рубль, 20 миң сом (жалпы дээрлик 150 миң сом — ред.) жана керектүү буюмдар болгон. Эл-жери үчүн күн-түнү кызмат ѳтѳп жаткан тартип сакчыларына россиялык турист терең ыраазычылык билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>