Кабмин 2050-жылга чейинки Башкы планды бекитти. Бишкекти эмне күтөт (негизги жоболор)Кыргызстан дүйнөгө белгилүү «Bvlgari» компаниясы менен кызматташууга кызыкдарКыргызстандык окуучулар Түндүк уюлга барууга мүмкүнчүлүк алышат: «Билим муз жаргычы» сынагы башталдыЖумгалда классташын өлтүрүүгө шектелип 74 жаштагы аял кармалдыАдылбек Касымалиев Кыргыз футбол союзунун жетекчилигине жалгыз талапкер болдуБишкекте «Боотур театры» эл аралык долбоорунун бет ачары өтөт
Бишкек: Үйлөрдү тоногондордун тобу кармалды
04.09.2021 | 13:01
Октябрь райондук милициясы “Көк-Жар” жаңы конушунан үйлөрдүн биринен 50 миң 600 АКШ долларын тоноп кеткен уурулардын тобун тузакка илди. Бул туурасында аталган милиция бөлүмү билдирди.
Маалыматка караганда, 2-августтан үчүнө караган түнү “Көк-Жар” конушундагы үйгө кирип чоң көлөмдөгү акчаны уурдап кетишкен. Бул боюнча кабар келип түшкөндөн соң ыкчам иликтөө иштери башталып, натыйжада башкалаадан эле колго түшүшкөн. Алар төртөө болушкан. С.Б. аттуу 1999-жылы, С.Б. аттуу 2003-жылы, Э.А. аттуу 1998-жылы жана К.Б. аттуу 1999-жылы туулган жарандар кармалышкан.
Ушул тапта булардын иши тергөөдө. Эгерде жапа чеккендер болсо 0(555) 26-99-77 телефон номерине же 102 кызматына кабарлоону суранат шаардык милиция.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом