Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
ТИМ: Түндүк Кипрде жабыркаган кыргызстандыкка кайрадан операция жасалат
05.08.2026 | 17:03

Кыргызстандын ТИМи билдиргендей, дарылоочу дарыгердин маалыматы боюнча, Түндүк Кипрдин аймагында кол салуунун натыйжасында бычактан жаракат алган кыргызстандыктын абалы туруктуу оор бойдон калууда. Түн ичинде ал маал-маалы менен эсине келип жаткан.
Тышкы саясий мекеменин маалыматына ылайык, 5-августка кошумча операция жасоо пландаштырылган. Учурда жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 6-августта Түндүк Кипрге жабыркаган жарандын тууганы барат. ТИМ ошондой эле Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгонун билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, кол салууга шектелген Түркия Республикасынын жаранынын да абалы оор. Анын саламаттыгы тергөө аракеттерин жүргүзүүгө мүмкүндүк бергенден кийин гана суракка алуу пландалууда.
ТИМ бул маселе боюнча тийиштүү иштер уланып жатканын белгиледи.
Теги: Кыргызстан, ТИМ