Ош шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулууда

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аймагында жаңы Перинаталдык борборд курулууда. Долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 миллион евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен каржыланууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, борбордун жалпы аянты 4 миң 723 чарчы метрден ашып, ал 249 орунга ылайыкталат.
Долбоорго ылайык, имаратта төрөт жана операциялык залдар, кош бойлуулуктун патологиясы бөлүмү, аялдар жана ымыркайлар үчүн интенсивдүү терапия бөлүмдөрү, неонатология блогу, эне жана бала үчүн бөлмөлөр, ошондой эле реанимациялык бөлүмдөр жайгашат. Мекеме адистештирилген перинаталдык жардам көрсөтүүнүн эл аралык стандарттарына жооп берген жогорку технологиялуу медициналык жабдуулар менен камсыздалат.
“Учурда курулуш иштеринин даярдык деңгээли 10 пайызды түзөт. Башкы подрядчы — «China Road» компаниясы. Курулуш аянтчасында күн сайын 30дан 70ке чейин адис эмгектенүүдө. Объектти 2028-жылдын төртүнчү кварталында пайдаланууга берүү пландалууда”,- деп билдирди министрлик.