Ошто жаңы сквер жана сейил бак курулуудаМамлекеттик бюджеттен респиратордук колдоого муктаж балдар үчүн каражат бөлүндүIT, креативдүү экономика, технология: Бишкекте «Go Viral Festival 2026» фестивалы өтөтАйрым аймактарда жаан жаайт: 8-августка карата аба ырайыБишкектеги «Аска-Таш» комплексинде фонтандар оңдолуп, көрктөндүрүү иштери жүрүүдөТалас шаарында жаңы Сот адилеттик үйү курулат
2,1 млн сомдук авиабилет алдамчылыгы: Бишкекте шектүү кармалды
05.08.2026 | 10:47

Бишкекте авиабилет сатуудагы алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, келтирилген чыгым 2,1 млн сомдон ашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-августта Бишкектин Биринчи Май РИИБине 25тен ашык жаран кайрылып, авиабилет сатып алууда алдамчылыктын курмандыгы болгонун билдиришкен.
Такталгандай, С.Н. аттуу жаран авиабилеттерди даярдап берүү шылтоосу менен арыз ээлеринин ар биринен акча алып, бирок өз милдеттерин аткарган эмес.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголду. Шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери уланууда.
Буга чейин Кыргызстандын ITF таэквондо боюнча улуттук курама командасы Алматы — Пекин — Улан-Батор рейси менен Монголияда өтө турган Азия чемпионатына уча албай калганы кабарланган. Буга федерация тарабынан төлөнгөн авиабилеттердин иш жүзүндө сатып алынбай калышы себеп болгон.