Ошто жаңы сквер жана сейил бак курулууда

08.08.2026 | 12:33
Ошто жаңы сквер жана сейил бак курулууда — Новости Кыргызстана

Ош шаардык мэриясы шаарда жаңы эс алуу жайлары түзүлүп жатканын билдирди. Учурда жаңы сквердин жана «Ак-Тилек» кичи районундагы сейил бактын курулушу жүрүүдө.

Калаада кулуруп жаткан жаңы сквердин жалпы аянты 40 сотыхты түзөт. Долбоордун алкагында шахмат жана балдар оюн аянтчалары, велосипед жолу жана коомдук даараткана курулат. Ошондой эле коопсуздук үчүн видеокөзөмөл камералары орнотулат. Курулуш иштери ушул айдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Ал эми Ак-Тилек аймагында пайда болуучу жаңы сейил бакта учурда негизги жумуштар аяктап, көрктөндүрүү процесси жүрүүдө. Сейил бакта жаштар үчүн воркаут жана балдар үчүн коопсуз оюн аянтчалары каралган. Жашыл аймактарды сугаруу үчүн автоматташтырылган система орнотулат. Объект жакынкы аралыкта пайдаланууга берилет.

Scroll to Top