«Кыялым орундалды»: Айсулуу Тыныбекова «Полчанки 2» тасмасындагы ролу тууралууБишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирдиЧет өлкөдө берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк «Санарип документтер» бөлүмүндө пайда болотОш шаарында студенттер үчүн 720 орундуу жатакана курулатМаксим Фадеев «Номад» триосунун аткаруусундагы Кыргызстанга арналган ыр чыгарды — кененирээкКыргызстан менен Казакстан аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планын бекитишти
Муратбек Азымбакиев Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды
04.08.2026 | 09:49

Муратбек Азымбакиев Кыргызстандын Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) жана эл аралык башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
61 жаштагы Муратбек Азымбакиев тарых жана дипломатия жаатында билимге ээ. Ал 1993-жылдан баштап Тышкы иштер министрлигинде катчы, кеңешчи жана жетекчи кызматтарда иштеген.
2021-2022-жылдары Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп иштеген. Ал эми 2022-жылдын майынан бери КРдин президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: БУУ