Мүлктү камакка алуу, карыз алуучуну коргоо жана айып пул: КРда мыйзам долбоору даярдалдыЫсык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилдиМинистрлер кабинети ак кантты, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып келүүгө алты айга тыюу салдыБийлик маселени талкуулап жаткан чакта, Таш-Мойноктун балдары мектепке 2 км жөө каттоодоУлуттук музейде Лейлек килемдеринин фестиваль-жарманкеси ачылдыКыргызстан коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасын Душанбеде тааныштырды
Бишкек: Жол кире көтөрүлүшү мүмкүн
09.09.2021 | 14:11
Мурдагыдай 5 сомго эмес, орточо тариф өзгөрүшү мүмкүн. Мындай сунушту Бишкек мэриясы сунуштап жатканын калаанын вице-мэри Русланбек Акылбеков бүгүнкү жыйында билдирди.
Анын айтуусунда, башында маршруттук таксилерге жол кире 10 сомдон 15 сомго, троллейбус, автобустардыкын 8 сомдон 11 сомго көтөрү сунушталган болсо, андан төмөнүрөөк кылууга аракет кылып жатат. Бул боюнча экономика министрлигине макулдашууга жөнөтүлгөн.
Ошондой эле сунушталып жаткан тариф боюнча юристтерден чечимдерди күтүп жатканын белгиледи. Соңку чечимди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кабыл алат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика