Бишкекке аймактардан 400дөн ашуун жол тескөөчү тартылды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштуу Бишкекке өлкөнүн аймактарынан 400дөн ашуун жол тескөөчү тартылды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев кызматкерлердин саптык кароосун өткөрүп, алардын алдыдагы эл аралык иш-чараларда кызмат өтөөгө даярдыгын текшерди.
Саптык кароодо кызматкерлердин формасы, саптык даярдыгы жана кызмат өтөөгө даярдыгы текшерилди.
Жол тескөөчүлөргө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, транспорт агымын жөнгө салуу жана иш-чараларга келген конокторго зарыл жардам көрсөтүү тапшырылды.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити өтүп жаткан учурда жол тескөөчүлөр Бишкектин негизги көчөлөрүндө жана маанилүү багыттарында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.