Милиция «Мадина» базарындагы өрттүн алдын ала себебин атады

30.08.2026 | 12:24
Милиция «Мадина» базарындагы өрттүн алдын ала себебин атады — Новости Кыргызстана

Бишкектеги «Мадина» базарында чыккан өрттүн алдын ала себеби электр зымдарынын кыска туташуусу болушу мүмкүн. Бул тууралуу борбор калаанын ИИББсынын басма сөз кызматы билдирди.

Өрт тууралуу маалымат «102» кызматына 30-август күнү болжол менен саат 09:38де түшкөн. Бул факт милицияда катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жана Бишкек ШИИББсынын жетекчилиги барды. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өрт-куткаруу кызматтарынын тоскоолдуксуз иштөөсү үчүн аймак милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды.

Милиция социалдык тармактарда тарап жаткан өрттөн жабыркагандар бар деген маалыматка да түшүндүрмө берди. ИИББнын маалыматына ылайык, учурда бул маалымат расмий түрдө тастыктала элек.

Окуянын бардык жагдайлары такталууда.

Теги: пожар
Scroll to Top