Бишкекке дагы 35 жаңы автобус келди

Бишкекке дагы 35 жаңы автобус келди

Бишкекке Кытайдан алынып жаткан автобустардын дагы 35и келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан Кытайдан газ менен жүргөн 1 миң автобус сатып алууда. Анын жарымы былтыр алынып келген. Калганы быйыл жеткирилмек.

Учурда борбор калаага 500 автобустун 35и келди. Калган 465 унаа бир ай ичинде келип калат.

Мындан тышкары Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын насыясына быйыл 124 автобус алынды. Аталган банктын насыясына дагы 126 унаа алынат.

Ошондой эле «Азия өнүктүрүү банкынын» долбоорунун алкагында 120 электр автобус алуу пландалган.

«Автобустар толук келип бүтсө, борбор шаардагы коомдук транспортттун иши сезилерлик жакшырат. Шаардын ичиндеги кичи маршруттук тейлеген каттамдар автобустарга алмаштырылат», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>