Аламүдүндө жайытты унаа менен тебелеген жарандарга айып пул салындыЫсык-Көл облусунда топурактын сапатын аныктоочу заманбап лаборатория ачылдыУКМК синтетикалык баңгизаттарды чыгарган жашыруун лабораторияны аныктадыСССР кол салуу болорун билгенби? Эксперт согуш алдындагы аскердик чалгындоонун ролу тууралууОшто жаңы «Жибек жолу» базары ачылдыБишкекте дайынсыз жоголгон бир туугандар изделүүдө
Бишкекке Индиядан Кыргызстандын 22 жараны келди
26.05.2020 | 10:31
Бишкекке Индиядан Кыргызстандын 22 жараны келди. Алар «Air India» авиакомпаниясынын «Дели-Бишкек-Дели» маршруту боюнча Индия тарабынан Индиядагы Кыргызстандын жарандарын чыгаруу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда штабдан маалымдашты.
Индия тарап менен жетишилген келишимге ылайык, бул каттам менен келген кыргызстандыктардын көбү дарылануу жана ар кандай иштерди аткаруу максатында Индияда болушкан. Азыркы учурда бардык келгендер белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.
Мамлекет башчысы койгон милдеттерди аткаруу, анын ичинде чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча дагы иш улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом