Бишкектеги Михаил Фрунзенин үй-музейинде аялдардын эмгегине арналган көргөзмө өтөт

19-июнда саат 11:00дө Бишкек шаарындагы Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде «Күжүрмөн аялдардын бейнеси: өткөн жана азыркы мезгил» аттуу көчмө көргөзмө ачылат. Маданият министрлигинин маалыматында, экспозиция кыргыз аялдарынын тарыхый жана заманбап эмгек жолун чагылдырууга багытталган.
Көргөзмөдө XX кылымдагы аялдардын эмгегин баяндаган көркөм чыгармалар менен катар бүгүнкү күндөгү айыл чарба, тигүү жана соода тармактарында иштеген аялдардын фотоматериалдары сунушталат.
Экспозицияга Г. Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинин фондунан алынган Л.А. Ильина, К. Артыкбаев, С. Акылбеков, Л. Деймант жана О. Мануилова сыяктуу авторлордун санариптештирилген эмгектери коюлат.
Министрлик иш-чара Борбордук Азия университетинин «Айкөл музей» долбоорунун алкагында уюштурулуп жатканын билдирди. Көргөзмө аялдардын өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын даңазалоону жана тарыхый уланмалуулукту көрсөтүүнү максат кылат.