Кыргызстанда ооруларды аныктоо жана дарылоо боюнча бирдиктүү стандарт иштелип чыктыМосквада Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуктуСадыр Жапаров ЖККУ жыйынында: Кыргызстан жамааттык коопсуздукту чыңдоого умтулатКлиматтын өзгөрүшүн КРнын мектеп программаларына киргизүү сунушталууда — долбоорКыргызстан менен Өзбекстан картошканы үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча макулдашты12-ноябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолу
Бишкекте 16-июндан тарта ысык суу берилет
13.06.2022 | 12:08
16-июндан тарта Бишкек шаарынын тургундарынын үйлөрүнө коммуналдык кызматтар ысык суу бере баштайт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКдан билдиришти.
Ишкананын айтымында, суу менен камсыздоого даярдык иштери аяктап баратат, суу бүтөөрү менен дароо агып баштайт.
Эске салсак, Бишкек шаарында борборлоштурулган ысык суу жыл сайын жүргүзүлүүчү пландык оңдоо иштерине байланыштуу 16-майда өчүрүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом