Мал уурулук эмне себептен көбөйгөнү айтылды

Мал уурулук эмне себептен көбөйгөнү айтылды

Мал уурдоого шарт түзүп жаткан негизги себептердин бири-мал ээлери тарабынан көзөмөлдүн жоктугу. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

«Мал уурулук – бул айыл тургундары үчүн чыныгы көйгөй, мындай кылмыштуу аракеттерден айылда жашаган жарандар жапа чегүүдө. Мал уурулуктун көйгөйлөрүн, аны сактап калуунун эрежелери жана ыкмалары боюнча байма-бай айтканыбыз менен жарандар малдарынын коопсуздугуна кайдыгер мамиле кылып келишет. Мал уурдоого шарт түзүп жаткан негизги себептердин бири мал ээлери тарабынан көзөмөлдүн жоктугу.

Малдарын жайыттарга же жайлоого кароосуз кое берүү, мал сарайлардын кечкисин кулпуланып бекемделбегендиги, жакшы кайтарылбагандыгы, мал жанды караган иттин жоктугу жана короо жайга өзгөчө мамиле жоктугунан улам да мал уурулар эч тоскоолдуксуз кылмыштарын улантууда. Өз убагында кайрылбаган учурлардан улам мал уурулар издерин суутуп кетишүүдө.

2022-жылдын 9-айында мал уурулук боюнча 629 кылмыш иши катталып, 422 кылмыштын бети ачылып, кылмыштуулуктун бетин ачуу 67,1 пайызды түзгөн. Жүргүзүлгөн анализге ылайык мал уурулуктун 552 фактысы түн ичинде, күндүзү 133 факты, анын ичинен менчик сарайлардан 273 жолу уурдалган, жайыттан жана талаадан 346 жолу уурдалып олтурат.

2022-жылдын 9 ай ичинде республикада 258 мал ууру кармалган, алардын ичинен уюшуп алып мал уурдаган 125 топ 140 ашуун мал уурулуктарды жасаган. Тогуз ай ичинде мал ээлерине келтирилген зыяндын кайтарылып берилиши 56 миллион 609 миң сомду түздү. Талдоо көрсөткөндөй, мал урулуктардын көбү түнкүсүн болот.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы малдын коопсуздугуна көзөмөлдү күчөтүү өтүнүчү менен жарандарга кайрылат. Мал багуу үчүн имараттарды бекемдөөнү, дарбазаларга жана эшиктерге кулпуларды жана башка ишенимдүү бекиткичтерди орнотууну, мал жанга өзгөчө көз салууну жана өз убагында милицияга кайрылууну өтүнөбүз”- деп айтылат билдирүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>