Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
Кыргызстандык Гүлназ Жүзбаева Паралимпиадага жолдомо утту
09.06.2024 | 13:28
Кыргызстандык пара жеңил атлетчи Гүлназ Жүзбаева Швейцарияда өткөн “Дүйнө гран-при” аттуу лицензиялык мелдеште алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, спортчу (Юлия Фернас – коштоп жүрүчү) 1500 метр аралыкты 6 мүнөт 18 секунд 25 милисекундда чуркап өтүп, Париж Олимпиадасына жолдомо алды.
Белгиленгендей, мелдеш 6-8-июнда Ноттвиль шаарында өттү.
Кийинки лицензиялык мелдеш 10-15-июнь күндөрү Париж шаарында (Франция) өтөт. Ага кыргызстандык жөө күлүк Жалалидин Абдувалиев (Артём Шапилов – коштоп жүрүүчү) катышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт