«Манас» университетинин ректораты кампус аркылуу жол салууга каршы чыкты12-июнь: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтөтЯндекс Кыргызстан Top Employer 2026 макамына татыдыПашинян Армениянын ЖККУдан чыгарылышы мүмкүн экендиги боюнча пикирин билдирдиБишкек мэриясы «Манас» университетинин тосмосун бузууну мыйзамдуу деп атадыНарын шаарында 100 орундуу жаңы төрөт үйү курулууда
Бишкекте 23 жаштагы кыз таксисттин унаасын айдай качып кармалды
16.03.2020 | 17:23
Бишкекте такси чакырып, акчасын төлөбөй, айдоочунун унаасын айдай качкан 23 жаштагы кыз кармалып, СИЗО-1ге киргизилди. Окуя ушул жылдын 27-февралында катталганын Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, таксист кызды айткан дарекке жеткирген. Бирок кыз жол кирени төлөгөн эмес. Айдоочу милиция кызматына телефон чалып жаткан учурда кыз унааны айдап, качып кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми ыкчам иликтөө тобу бул ишке шектүү деп 1997-жыл туулган Ж.Р. аттуу кызды кармашкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар