Бишкекте 26 жаңы жол чырак орнотулду — даректер

Бишкекте 26 жаңы жол чырак орнотулду — даректер

Автоунаалардын, жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана эң көп жүргөн участокторду түшүрүү үчүн 26 жол чырак объектиси орнотулду, анын 20сы транспорттук, 6сы жөө жүргүнчүлөр үчүн, деп билдирди Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Бүгүнкү күндө 18 жол чырак курулуп, ИИМдин ЖКККББ мамлекеттик ишканасынын балансына төмөндөгү даректер боюнча өткөрүлүп берилди:

  1. Элебесов жана Курманалиев көчөлөрүнүн кесилиши;
  2. Сүйүнбаев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши;
  3. Москва жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиши;
  4. Үмөталиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
  5. Бөкөнбаев-Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши No67 орто мектептин жанында;
  6. Профсоюз жана Кайназарова көчөлөрүнүн кесилиши;
  7. Токтогул жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилиши;
  8. Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши;
  9. Орозбеков жана Саадаев көчөлөрүнүн кесилиши;
  10. М.Алыбаев жана Жеткинчек көчөлөрүнүн кесилиши №78 орто мектептин жанында («Көлмө» темир жол бекети);
  11. Бакай-Ата жана Ак-Талаа көчөлөрүнүн кесилиши, №85 орто мектептин жанында (Бакай-Ата темир жол станциясы);
  12. Калыс-Ордо көчөлөрүнүн кесилиши 11-Калыс-Ордо-109, №86 мектептин жанында (Калыс-Ордо вокзалы);
  13. Тыныстанов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилиши;
  14. Оберон көчөсү, 10, №91 орто мектептин жанындагы жөө жүргүнчүлөр үчүн светофор («Кара-Жыгыч» темир жол бекети);
  15. Гагарин 11, №25 орто мектеп (жөө жүргүнчүлөр)
  16. Улан 2 кичи районундагы 7-апрель көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырак;
  17. 4-мкр Суеркулов көчөсүндөгү №17 орто мектептин жанындагы жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырак;
  18. Мега-Сити турак жай комплексинин каршысындагы Юнусалиев көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырак.

Сегиз жол чырак тесттик режимде. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн 27 үндүү жол чырак орнотулду, бул көрүүсү начар жана азиздерге жолдон качан өтүү коопсуз экенин түшүнүүгө жардам берет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>