Таштандыны көзөмөлдөө жана экологиялык төлөмдөр: Көл-Суу көлүндө жана Ак-Сай өрөөнүндө текшерүү өттү

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Нарын башкармалыгынын кызматкерлери Ак-Сай өрөөнүндө (Көк-Кыя жайлоосунда) масштабдуу экологиялык мониторинг жүргүзүштү. Инспекторлор жергиликтүү тургундарды жана туризм тармагында иштеген 20 ишкерди текшерүүгө алышты. Аларга милдеттүү экологиялык төлөмдөрдү төгүү зарылдыгы тууралуу билдирмелер тапшырылып, таштанды калдыктарын туура иштетүү эрежелери түшүндүрүлдү.
Мекемеден маселе оң жагына өзгөрүп жатканын белгилешти — экологдордун сунуштамаларынан кийин конок үйлөрүнүн жана эс алуу жайларынын ээлери таштандыларды талапка ылайык чогултууну жолго коюп, капкагы бар атайын герметикалык контейнерлерди орното башташкан.
Ал эми бийик тоолуу Көл-Суу көлүндөгү моторлуу кайыктардын ээлери жана гиддер менен өзүнчө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аларга көлдүн суусун булгоого катуу тыюу салынары эскертилип, жээк тилкесиндеги таштандыларды туруктуу түрдө ташып чыгып туруу милдеттендирилди.