Бишкек мэри борбордогу курулушу создуккан имараттарды тездетүүнү талап кылды

27.08.2026 | 12:43
Мэр Бишкека потребовал ускорить возведение долгостроев в центре столицы — Новости Кыргызстана

Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев шаардагы курулушу бүтпөй, көйгөйлүү болуп жаткан объектилерди кайрадан кыдырып чыкты. Жеринде өткөрүлгөн кеңешменин жыйынтыгы боюнча калаа башчысы тармактык кызматтарга жана куруучуларга иштерди жандантып, объектилерди пайдаланууга берүү мөөнөтүн создуктурбоону тапшырды.

Текшерүү Орозбеков көчөсү, 72 дарегиндеги төрт деңгээлдүү унаа токтотуучу жайы бар Ala Tower көп функциялуу борборунун аймагына, ошондой эле Байтик Баатыр көчөсүндөгү (№ 60, 62 жана 64 үйлөр) көп батирлүү турак жай комплекси курула турган тилкеге жүргүзүлдү.

Байтик Баатыр көчөсүндөгү объект боюнча буга чейин эле инвестор аныкталып, жер тилкелерин толугу менен сатып алуу иштери аяктаган. Учурда бардык зарыл болгон уруксат берүүчү документтерди тариздөө аяктап калды, андан соң курулуш аянтында жигердүү жумуштар башталат.

Теги: мэрия
Scroll to Top