«Айчүрөк» соода борборунун артына курулуп жаткан имараттан кулаган 30 жаштагы жаран каза болду. Бишкек шаардык милициядан кабарлагандай окуя 12-июль күнү болгон.
Маалыматта айтылгандай, жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан ал алган жараатынан улам каза болгон.
Шаардык милиция бул фактыны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө.