Кыргызстандык Соттук-эксперттик кызматтын эксперттери Казакстанда стажировкадан өтүштү

КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын эксперттери Астана шаарындагы (Казакстан) Соттук экспертизалар институтунда кесиптик стажировкадан өтүштү, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.
Алар «Металлдарды жана куймаларды соттук-эксперттик изилдөө» адистиги боюнча квалификациясын жогорулатышканы такталды.

Ведомствонун маалыматына караганда, эки жума ичинде стажировканын катышуучулары казакстандык кесиптештери менен бирге иштешип, металлдарды жана куймаларды изилдөөнүн заманбап усулдарын үйрөнүштү жана ар кандай татаалдыктагы эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышышты.
«Стажировканын практикалык бөлүгү металлдардын жана куймалардын элементтик курамын аныктоону, баалуу металлдардан жасалган буюмдарды изилдөөнү жана алардын курамынын көрсөтүлгөн пробага (үлгүгө) шайкештигин тактоону камтыды. Иште визуалдык жана микроскопиялык изилдөө ыкмалары, ошондой эле рентген-флуоресценттик анализ колдонулду», — деп айтылат билдирүүдө.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына баа берүүгө жана колдонуудагы талаптарга ылайык эксперттик корутундуларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулганы белгиленет.

Стажировканын жыйынтыгында катышуучулар «Металлдарды жана куймаларды соттук-эксперттик изилдөө» адистиги боюнча сертификаттарга ээ болушту.