Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү нотариалдык тариздөө үчүн мамлекеттик алым төмөндөтүлдү

22.10.2026 | 10:47
Госпошлина за нотариальное оформление сделок с недвижимостью снижена — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү нотариалдык күбөлөндүрүү үчүн мамлекеттик алымдын өлчөмү төмөндөтүлдү. Өзгөртүүлөр Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 505 токтому менен киргизилди. Нотариустар алган алымдардын өлчөмү Кадастр органдарындагы алымдардын деңгээлине түшүрүлдү. Буга чейин нотариустардын алымдары 3–4 эсе жогору болчу. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.

Эгер эсептешүүлөр накталай эмес жүргүзүлсө, кыймылсыз мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү каралган келишимди күбөлөндүрүү үчүн мамлекеттик алым төмөнкүдөй белгиленди:

  • жакын туугандардын (балдар, ата-энелер, жубайлар, ага-инилер, эже-сиңдилер, чоң ата-чоң энелер жана неберелер) ортосундагы бүтүмдөр үчүн — мурдагы 1 000 сомдун ордуна 300 сом;
  • башка жеке жактардын ортосундагы бүтүмдөр үчүн — мурдагы 2 000 сомдун ордуна 500 сом;
  • тараптардын бири юридикалык жак болсо — мурдагы 5 000 сомдун ордуна 1 000 сом.

Накталай эсептешүүлөрдө мамлекеттик алым төмөнкүдөй болот:

  • жакын туугандардын ортосундагы бүтүмдөр үчүн — мурдагы 10 000 сомдун ордуна 3 000 сом;
  • башка жеке жактардын ортосундагы бүтүмдөр үчүн — мурдагы 20 000 сомдун ордуна 5 000 сом;
  • тараптардын бири юридикалык жак болсо — мурдагы 50 000 сомдун ордуна 10 000 сом.

Нотариалдык буйрук берүү үчүн алынуучу мамлекеттик алым да өзгөртүлдү. Нотариус мыйзамда каралган учурларда акча каражаттарын өндүрүп алуу же карызкордон кыймылдуу мүлктү талап кылып алуу боюнча талаптардын негизинде нотариалдык буйрук чыгарат.

Жеке жактар үчүн алым мурдагыдай эле 1 000 сом бойдон калды. Эгер тараптардын бири юридикалык жак болсо, мурда белгиленген 2 000 сомдун ордуна өндүрүлүп алынуучу сумманын 1%ы алынат. Мында алымдын өлчөмү бир эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана 50 эсептик көрсөткүчтөн ашык эмес болушу керек.

Теги: Минюст
Scroll to Top