Чүйдүн Шопоков шаарында 7,7 млн долларга сүттү кайра иштетүүчү завод курулат

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында 7,7 млн АКШ долларын түзгөн сүттү кайра иштетүүчү завод куруу долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Долбоорду ишке ашыруу маселеси агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров, «Нукура Про» ЖЧКсынын башкы директору Гүлзада Сарыбаева жана Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Меделбек уулу Анвардын жолугушуусунда талкууланды.
Долбоордун жалпы суммасынын 5,4 млн АКШ доллары Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун насыялык келишиминин негизинде каржыланат. Каражат имарат курууга, монтаждоо иштерине жана жабдууларды сатып алууга жумшалат.
Заводдо пастерленген жана ультрапастерленген сүт, каймак, ошондой эле сүт коктейлдери өндүрүлөт. Продукция ички рыноктон тышкары Казакстан менен Өзбекстанга экспорттолот. Ишкана ишке кирсе 50гө чейин жумуш орду түзүлөрү айтылды.