Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Бишкекте 50, 60, 70 жыл бирге өмүр сүргөн жубайлар мааракелерин белгилешти
30.09.2023 | 11:46
Бишкекте 50, 55, 60 жана 70 жыл бирге өмүр сүргөн жубайлар Эл аралык карылар күнүнө карата мааракелерин белгилешти. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маараке Бакыт өргөөсүндө өтүп, ага Бишкектеги Ленин, Биринчи май жана Свердлов райондорунда жашаган жубайлар катышкан. Аларга жаш чыгармачыл жеткинчектер концерт коюп, шаңдуу маанай тартуулаган. “Жаш жубайлар” музыканын коштоосунда үйлөнүү-үлпөт вальсын бийлеген.
Жарым кылым жана андан ашык мезгилден бери ырыс-кешигин бөлүшүп, турмуштун ысык-суугун бирге тартып келе жаткан жубайларга акимчиликтер тарабынан куттуктоолор айтылып, белектер берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом