Жалал-Абадда сойкукана аныкталып, сутенерлор кармалды (видео)

Жалал-Абадда сойкукана аныкталып, сутенерлор кармалды (видео)

Жалал-Абад шаарында сойкукана аныкталып, сутенер болуп иштеген жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына облус аймагында сойкукана уюштурган жаран тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

27-сентябрда Жалал-Абаддагы Спутник кичи шаарчасындагы даректердин биринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, интимдик кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акчалар, эсептер жазылган дептер алынган. Ошондой эле, интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн кыздар, сутенер болуп иштеген администраторлор кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Алардын ичинен 3 жаран Өзбекстандан келип, сойкулук менен алектенип жүргөндүгү аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>