Бишкекте 700 дарак электрондук каттоого алынды

Бишкекте 700 дарак электрондук каттоого алынды

Борбор калаада ыктыярчылар муниципалитетке жашыл өсүмдүктөрдү каттоого жардам беришүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2 жуманын ичинде ыктыярчылардын биринчи нөөмөтү маалымат базасына 700гө жакын дарактарды киргизди.

Анын ичинен 378и «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын балансында турган «жашыл өсүмдүктөр».

Эми 700 жашыл дарактын саны, жайгашкан жери, түрлөрү, сугаты жана абалы жөнүндө маалыматтар киргизилген «медициналык карталары» бар. Бул программанын алкагында ишкананын кызматкерлери аларды багуу жана дарылоо үчүн керектүү болгон каражатты алдын ала эсептей алышат.

Эске салсак, Эмен паркында биринчи жолу электрондук инвентаризация жүргүзүлө баштаган, алгачкы жүз эмен дарагы саналып бүткөн. Бүт процессти «Арча» коомдук фондунун координатору жана ишкананын башкы агроному көзөмөлдөшкөн.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>