Кыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалдыBinance’тагы хакердик чабуулдан кийин жарандарга коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталдыБир нече айга гана жетти: Айтматов — Толстой көчөлөрүндөгү жаңыланган каптама түшүп жатат
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга келди
06.08.2026 | 15:32

Бүгүн, 6-августта, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Мейманды «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков тосуп алды.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6-7-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана байкоочу өлкөлөрдүн делегация жетекчилери катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Казакстан, премьер-министр