Кытай АКШны Си Цзиньпин менен Трамптын келишимдерин бузду деп айыптадыАлкоголь өспүрүмдүн мээсине жана организмине кандай таасир этет — дарыгерлердин түшүндүрмөсүБишкекте эл аралык кинофестиваль жыйынтыкталды: жеңүүчүлөрдүн ысымдарыПакистандын ТИМи АКШ менен Ирандын ортосундагы келишимге кол коюла турган күндү билдирдиКыргызстанда 2023-жылдан бери бөйрөк алмаштыруу боюнча 19 операция жасалды14-июнь: Кыргызстанда абанын температурасы +37 градуска чейин көтөрүлөт
Бишкекте айрым жолдор жабылып, транспорттун багыты өзгөрөт
10.07.2024 | 10:09
Бүгүндөн тарта Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн Жоомарт Бөкөнбаев көчөсү менен кесилиши жана ушул эле көчөнүн Москва менен кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Байтик баатыр (темир жолдон төмөнкү бөлүгү Ж. Абдрахманов) көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылат.
Буга байланыштуу төмөнкү автобус каттамдарынын кыймыл чиймелери өзгөрүүдө: №42, 56, 103, 145, 152, 169, 195, 212.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом