Бишкекте алдамчылыкка шектелип 50 жаштагы аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 50 жаштагы аял кармалды

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты.

12-апрелде Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына  Р.Б., аттуу жаран 2022-жылдын январь айында жеке менчик ишканалардын биринин директоруна карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бишкек шаарынын Турусбеков көчөсүндө жайгашкан кеңселер аркылуу ишенимге кирип, алдамчылык жол менен, батир берем деп шылтоолоп, ошондой эле акча каражатын үч эсе көбөйтөм деген убада менен арыз ээсинин 9 миң 750 АКШ долларын алган, андан кийин ал убадасын аткарбай, белгисиз тарапка из жашырып кеткен.

Аталган факты Ленин райондук ИИБнин РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү 1971-жылы туулган Ж.А. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Мындан тышкары, Ленин РИИБге дагы төрт жазуу жүзүндөгү арыз түшкөн, анда кармалган Ж.А. ушуга окшош кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартылып, учурда келтирилген жалпы зыян 80 миң АКШ долларын түзөт.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Көңүл бургула! Бул жарандан жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы барлар төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот: 0 (312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0 (507) 885-577, 0 ( 550) 516 -877 жана 102.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>