Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Спортчу айым Айсулуу Тыныбекова тасмага тартылууда
01.10.2026 | 11:58

Кыргызстандык белгилүү балбан айым Айсулуу Тыныбекова тасмага тартылууда. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармагында билдирди.
“Менин бала чактагы эки чоң кыялым орундалды. Бири — аскер формасын кийүү болсо, экинчиси — кинодо роль жаратуу болду”, – деп билдирди ал.
Спортчу айым режиссёр Нурсултан Зарыловдун «Полчанки» комедиялык тасмасынын экинчи бөлүгүндө пайда болот.
33 жаштагы Айсулуу Тыныбекова — Кыргызстандын Күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти, UWW спортчулар комиссиясынын мүчөсү, кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери. Ал ошондой эле Азиянын алты жолку чемпиону, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Айсулуу Тыныбекова, тасма