Суучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөтШайназаров: БШК шайлоо менен алектениши керек, лотерея менен эмесБишкекте 210 млн долларлык турак жай комплексин куруу боюнча келишим түзүлдүБишкектин экс-вице-мэри Азамат Кадыров УКМКнын тергөө абагына камалдыБишкекте 55 миң долларлык унааны ээлеп алууга шектелген жаран кармалды
Бишкекте автомат менен шаар тургунун коркуткан адам кармалды (фото)
02.09.2019 | 11:16
Бишкектин так ортосунан автомат менен шаар тургунун коркуткан адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.
Маалым болгондой, 31-август күнү бир адам милицияга кайрылып, “Toyota Land Cruiser-200» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу автомат кезеп, орой сөздөр менен коркутканын айткан.
Криминалдык милициясынын ыкчам-иликтөө иш-чарасынын алкагында, бул окуяга шектүү катары 28 жаштагы адам кармалды.
Анын автоунаасын тинтүү учурунда МА-АК үлгүсүндөгү аңчылык мылтык, Калашников автоматына окшоштуруп жасалган курал жана 50дөн ашык ок-даары жана магазиндер табылган.
Бул факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, кармалган адам тергөө абагына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар