Бишкекте 55 миң долларлык унааны ээлеп алууга шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында 35 жаштагы эркек киши BMW X7 үлгүсүндөгү автоунааны алдамчылык жолу менен ээлеп алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга жаран арыз менен кайрылып, анда ушул жылдын жазында шектүү анын баасы 55 миң АКШ долларын түзгөн автоунаасын эки айдын ичинде сатып берүүнү убада кылып алганын билдирген. Арыз ээсинин айтымында, шектүү унааны башка жаранга 57 миң долларга сатып, акчаны жеке керектөөсүнө пайдаланган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү («Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ошондой эле анын буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу маалыматтар алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.