Кыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылдыЖК комитети инвесторлорго жер берүүнүн жаңы эрежелерин жактырды
Бишкекте Балдар жүрөк хирургия бөлүмүнүн курулушу башталды
14.09.2024 | 11:34
Бишкектеги Улуттук жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун базасында Балдар жүрөк хирургия бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бөлүмдө жүрөк оорусуна чалдыккан балдар дарыланат жана хирургиялык операциялар жасалат.
Салтанаттуу иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Улуттук жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун кызматкерлери жана башка коноктор катышты.
Беш кабаттуу бөлүм 75 орунга ылайыкталат. Анын курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылат. Долбоордун жалпы суммасы 375 млн сомду түзөт. Бөлүм 2025-жылдын март айында пайдаланууга берилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар