Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Чет элдик инвесторлордон 200 миң $ талап кылган деп үч адам кармалды
14.09.2024 | 13:40
Жалал-Абад облусунда тоо-кен ишканасынан 200 миң доллар талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Чаткал районунун мурдагы акими Т.А., ички иштер органынын мурдагы тергөөчүсү И.Н.А. жана журналист Н.А.К. чет элдик инвесторлордон 200 миң доллар опузалоого шектелүүдө.
“Мурдагы тергөөчү 10 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды. Жогоруда аталган адамдар үстүбүздөгү жылдын июль айында эки транш менен 60 миң доллар алып, калган сумманы четинен алып келишкен”, — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалоо) менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери журүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар