Бишкекте баңгизат сатууга шектүүнүн кармалган видеосу

Бишкекте баңгизат сатууга шектүүнүн кармалган видеосу

Бишкекте альфа-PVP психотроптук затын сатууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине борбор калаада белгисиз жаран альфа-PVP психотроптук затын сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шаардагы соода борборлорунун биринин алдында шектүү катары М.Э. аттуу жаран кармалган. Аны текшерүү учурунда альфа-PVP психотроптук заты табылып алынган. Ошондой эле окуя жеринде кароо жүргүзүү учурунда соода борборунун пайдубалында фольгага оролгон маңзат табылган. Алардын жалпы салмагы 61 граммды түзгөн.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.

Учурда ыкчам-тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>